7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Ашууда жол убактылуу жабылды

425

Бүгүн, 3-майда Чоң-Ашууда жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда 30-50 см кар жаап, бороон болуп, азыркы тапта жол убактылуу жабык. Бороон басылар менен №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдун 74-85-чакырым аралыгын кардан тазалоо иштерине киришет. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда бороон болуп жатат. Азыркы тапта каттам бар. Жолдун 120-135-чакырым аралыгы кардан тазаланып, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 430-537-чакырым аралыгында бороон болуп жатат. Жолчулар 30-40 см жааган карды тазалап жатышат. Каттам бар. Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусунда учурда кар жаап жатат, кардын калыңдыгы 40 смге чейин жетет. Жолдор ачык, каттам бар. Өлкөнүн башка жолдору менен ашууларында жол ачык.”-деп берилет маалыматта.

Кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

426