7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик жарандарды каракчылык менен тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

245

Чет элдик жарандарды каракчылык менен тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 24-декабрь күнү Свердлов РИИБине Пакистан өлкөсүнүн И.Х. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:30 чамасында Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар арыз ээсин бычак менен коркутуп, 300 доллар жана 4 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, Хуавэй үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан.


Ошондой эле 26-декабрда Биринчи Май РИИБине Пакистандын Ш.М. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда 25-декабрь күнү саат 22:00 чамасында болжол менен 17-19 жаштагы кебетеси азиялык болгон балдар Жибек Жолу көчөсүнөн бычак такап 6 миң сомун, ошондой эле анын Х.Б. аттуу таанышынын 5 миң сомун тартып алып, из жашырып кетишкен.


Мындан сырткары 26-декабрь күнү Биринчи Май РИИБине дагы Пакистандын Р.Ш. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда 21-декабрда Асанов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 16-20 жаштагы балдар бычак менен коркутуп, 15 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү телефонун, 5 миң сомун тартып алып, из жашырып кетишкен.


«Жогорудагы бул фактынын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене «каракчылык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 15 жаштагы Б.Н., 16 жаштагы Б.Х., 20 жаштагы Т.А. аттуу балдар кармалып, экөө үй камагына алынса, бирөө СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

246