7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте абактан чыккан жарандар курал менен кармалды

221

Лейлек районунда ок атуучу курал сактап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Кайрагач айылындагы чек ара постунда “Мерседец-Бенц” автоунаасы токтотулуп, анын ичинен райондун 44 жаштагы Ш.Д. аттуу тургуну, Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы О.А. жана Ыссык-Көл облусунун 26 жаштагы И.Ж. аттуу тургуну курал-жарак менен кармалды.


Алардан 1 даана “ПМ” (травматикалык) үлгүсүндөгү тапанча жана 16 калибрдеги (обрез) курал таап алынды. Алынган куралдарга экспертиза дайындалып, экспертизанын жыйынтыгында ок атуучу курал атайын кесилип, ок атууга даярдалгандыгы аныкталды.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

222