UFCнин 2020-жылдагы мыкты спортчу айымына Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченконун талапкерлиги көрсотүлдү. Бул тууралуу “championat.com” басылмасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, добуш берүү 2021-жылдын 9-январына чейин уланат.
UFCнин Жылдын мыкты мушкер айымына талапкерлердин катарында Аманда Нуньес, Аманда Рибас, Маккензи Дерн (бардыгы Бразилиядан) жана Кытайдан Вейли Чжан бар.
Ноябрь айында кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Дженнифер Маяны жеңип алган.