Жалал-Абад облусунда коомдук абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин жана бардык ШРИИБдердин өздүк курамы жаңы жылга карата кайгуулдоо багыттарына бөлүндү. Облустун аймагында миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйт.
Ошондой эле жаңы жылды утурлай Аксы РИИБи тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөгө майрамдык белектер берилди.