Президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн атайын даярдалган бюллетендер аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-январында Президенттик шайлоону өткөрүүгө жана референдумга даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлган.
Президенттик шайлоого жалпы — 3 миллион 567 миң 138 бюллетень даярдалды. Андан сырткары, 4 миң 948 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.
«Бишкек шаарына 417 миң 341, Ош шаарына – 151 миң 168, Жалал-Абад областына – 667 миң 265, Ош — 723 миң 620, Баткен – 297 миң 574, Нарын областына – 202 миң 710, Ысык-Көл – 308 миң 091, Талас – 158 миң 54, Чүй – 592 миң 155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49 миң 160 бюллетен жиберилди.
«Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендерди акты менен өткөрүп берет. Бюллетендерди өткөрүп берүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул”, “каршы” менен “бардык түрүнө каршы” топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендери баардык коопсуздук чаралары каралган атайын байланыштагы транспорт менен жиберилет», — деп берилет маалыматта.