АКШ Конгресси Жо Байдендин жеңишине каршы пикир билдирүүгө белсенишүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШ Конгрессинин жаңы курамы 3-январдан тартып ыйгарым укуктарына ээ болушкан. Алар 6-январда АКШ Конгрессинин жалпы отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын баяндамасы парламентке расмий тааныштырылган чакта өздөрүнүн Байдендин жеңишине каршы пикирлерин билдиришет.
«6-январдагы отурумда Конгресс Жо Байдендин жеңишин Башмыйзамдын эрежесине ылайык расмий түрдө тастыктайт. Бул арада АКШ Сенатынын 11 республикачыл сенаторлору менен сенаторлукка жаңы шайланган бир мүчөсү жана Өкүлдөр үйүнүн айрым конгрессмендери демократиялык партиянын өкүлү Жо Байдендин президенттик шайлоодо жеңгендигине күмөндөнгөнүн билдирүүдө. Ал эми АКШнын Шайлоочулар коллегиясы 2020-жылдын 14-декабрында демократ Жо Байдендин 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңгендигин тастыктап добуш берген», — деп берилет маалыматта.