Москвада Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаровдун жолугушуусу башталды.
Россиялык лидер Жапаровду жана кыргыз делегациясын Москвадан, өзгөчө Жеңиш күнүнүн алдында жолугушканына кубанычта экенин белгиледи.
“Ушул убакта биз менен болгонуңуздар маанилүү окуя. Кыргызстандан 360 миң адам фронтко кеткен. Менимче 134 миңи үйүнө кайткан эмес”, — деди РФ президенти.
Ал Жапаров чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата Москвада болууга кубанычта экенин айтты. Ошондой эле кыргыздар ата-бабалардын эрдигин эч качан унутпай турганын билдиргенин RT жазды.