7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 37 пайызга өстү

375

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Кыргыз-орус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ал Улуу Ата Мекендик согушта 360 миң кыргызстандык фронтко аттанып, жарымынан көбү кайтпай калганын эске салды.

“Сиз Ржев шаарында Россиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы менен бирге болуп, ал жерге гүл коюп, фронттун ушул бөлүгүндө курман болгондордун элесине таазим кылганыңызды билебиз”, — деп кошумчалады Владимир Путин.

Россиянын президенти ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтык азыр өсүү жолунда экенин, буга акыркы бир жылда товар жүгүртүүнүн 37 пайызга өсүүсү далил экенин белгиледи. Ошону менен бирге, Владимир Путин Россия Кыргызстан үчүн түз капитал салуу боюнча эң ири инвестор экенине токтолуп, бул тенденция күч ала тургандыгына ишеним билдирди. Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге Россияга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын алдында Москвада өзгөчө кубаныч сезими менен болгонун белгиледи. Жеңиш күнү — ыйык жана эки өлкөнүн элдерин бириктирген майрам катары түбөлүк кала берет. Курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим кылуу жалпы милдет.

“Биз келечек муундардын эркиндиги үчүн оор аскердик сыноолорду башынан өткөргөн аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз. Алардын элеси ар дайым сакталат”, — деди Садыр Жапаров.

Жапаров бүгүн эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого жана эки мамлекеттин кызыкчылыгында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө биргелешкен диалогду улантууну макулдашышты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376