Эртең, 16-майда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
 - Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;
 - Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
 - Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
 - Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
 - Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градус ысык болот.
 



