7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Музейдеги түн» акциясында бир учурда 70тей иш-чара уюштурулат

430
Бишкекте эл аралык салттуу Музейлер күнүнө карата «Музейдеги түн» акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Акция 18-майда, саат 17.00дөн 22.00гө чейин болот. Улуттук тарых музейинин масштабдуу 5 миңден ашуун кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн акциясында, бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат.
Экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация моделдерин, турак жай макеттерин жасоо, улуттук оюндар, живопись жана скульптура ж.б. түрдүү ѳнѳрлѳр боюнча мастер-класстар менен дүйнѳ элдеринин маданий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырган япон элинин оригамилери, кытайдын каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, индиянын пластикалык бийлери тартууланат.
Иш-чаранын алкагында манасчылар, тѳкмѳ акындар, ырчылар жана бий-күү топторунун турган ѳнѳр адамдарынын кызыктуу концерттик программасы, КРнын Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин салтанаттуу жүрүш ѳнѳрү жана “Аталар изи” коомдук фондусунун кыргыз улуттук кийимдеринин этно-модасы кѳрсѳтүлѳт. Уз чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, кыздын чачын ѳрүү, ийик ийүү сыяктуу эзелки элдик ѳнѳрлѳрүн кѳрүүчүлѳргѳ үйрѳтѳт. Улуттук баш кийимдердин жаңыланган түрлѳрү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлѳт.
Музей кыргыз элинин нарк дүйнѳсүн, тарыхын, маданиятын салтка айланган акция аркылуу жайылтуу жана пропагандалоо менен, музейлердин ролун кѳтѳрүүчү негизги миссиясынын бир багытын жүзѳгѳ ашырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

431