Башка бирөөнүн мүлкүн опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милицияга Бишкек шаарынын тургуну опузалап талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Анда шектүү жаран 2022-жылдын август айынан бери жабырлануучуну жана анын үй-бүлөсүн коркутуп, өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип, опузалап акча каражатын жана кыймылсыз мүлкүн өзүнө каттатып берүү талабын коюп келген.
Териштирүүдө маалым болгондой, опузалап талап кылган адам бир үйдү эмес, жарандын бүтүндөй эки үйүн өзүнө каттатып алуу аракетин көргөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаран 2000-жылы туулган жигит кыймылсыз мүлктү каттоого документтерди даярдоо учурунда кармалды. Ага таандык «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда «макаров» тапанчасына окшош ок атуучу куралы жана анын 13 даана октору табылып алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн жашаган жеринен ок атуучу куралдар жана бычак табылган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.