Маркус Рашфорд дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп табылды. Бул тууралуу «CIES Football Observatory» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Маркус Рашфорд «Манчестер Юнайтед» командасынын чабуулчусу. Ал 23 жашта, анын баасы 165 миллион 6 миң еврого бааланган.
Ал эми экинчи орунда «Боруссия Дортмунддун» чабуулчусу норвегиялык Эрлинг Холланд турат, анын баасы 152 миллион еврого бааланган, ошондой эле «Ливерпулдун» англиялык коргоочусу Трент Александр-Арнольд 151 миллион 6 миң еврого бааланган.
«Манчестер Юнайтеддин» чабуулчусу, Улуу Британиялык футболчу Маркус Рашфорд Англиянын эң жаш оюнчусу жана Премьер-Лиганын жылдызы. Аны «кызыл шайтандын баласы» деп аташат. Анткени Британиянын титулдуу жана эң эски клубунун академиясы болочок жылдызын 7 жашынан баштап тарбиялаган.