Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан президенттикке талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектүү катары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, талапкердин жубайы У.К. аттуу аял. ал чет элдик жаранды 5 миллион долларга алдап кеткен.
Жергиликтүү маалымат булактары ал талапкер Курсан Асановдун жубайы экенин жазып чыгышууда.
«Сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен башталды. Буга чет өлкөлүк инвестор А.О.нун У.К. аттуу жаранга (аял киши) чара көрүү жөнүндөгү арызы себеп болгон. У.К. 2017-2018-жылдары А.О.дон биргелешкен бизнести жүргүзүү үчүн 5 млн доллардан ашык акча алганы аныкталды. Ал бул акчаларды кайра кайтарып берүүдөн баш тартууда. Чет өлкөлүк инвестор аталган сумманы долбоорлорго жумшоону пландаган. Сотко чейинки өндүрүш иши прокуратура органдарына жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.