7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Жунус уулу Адыл айрым аткаминерлерге караганда жүз эсе мекенчил

469

Президенттикке талапкер Садыр Жапарв элдин бүйүрүн кызыткан Жунус уулу Адыл тууралуу өз оюн билдирди.


«Жунус уулу Адыл менен Садыр Жапаров кытайдын чагымчылдары. Булар атайын кызматтар менен иштейт дешти. Бул караандай калп. Ал Жунус уулу Адыл деген өлкөдө 30 жылдан бери жашаган кытайлык кыргыз, этникалык кыргыз. Билесиздер азыр этникалык кыргыздар ар кайсы жактан келип жатышат. Мисалы Өзбекстандан, Тажикстандан ж. б. көптөгөн өлкөлөрдөн келишти. Анткени 2007-жылы кайрылмандар мыйзамы жазылган. Ага чейин деле келип биздин жарандыкты алгандар бар. Кытайлык кыргыздар Ала-Тоонун аркы бетинде калып калгандар, 50-60-жылдары айрымдары көчүп келишкен. Жунус уулу Адыл уулу ошолордун бири десек болот. Канат Исаев менен Каныбек Капашев ага байланыштуу айткандары караандай калп. Аларга салыштырмалуу Жунус уулу Адыл жүз эсе мекенчил келет. Ал чыккынчылык кылмак түгүл тескерисинче Кыргызстанга алып келген инвестициялары, ушул жактан ишкердик кылып төлөнгөн салыктары тигилерден миң эсе көп. Жоопко тартыла турган мезгил келип калса ушу мен оппозиция кылдым эле деп арканды алыс таштап өзүн-өзү коргоо мамилелери деп ойлойм», — деп жооп узатты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470