7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө мурдагы айыл башчы жана депутат кармалды

708

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган жарандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалышты.

Маалыматка ылайык, 2017-2020-жылдар аралыгында Т.у.К. аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси К.Б. жана жергиликтүү кеңештин депутаты менен алдын ала сүйлөшүп алып жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү деген шылтоо менен жарандардан мыйзамсыз түрдө акча өндүрүшкөн. Жарандар 30 000 сомдон “Марлен Кей Джи” коомдук кайрымдуулук фондунун эсебине которууга мажбур болушкан. Бул коррупциялык схеманы ишке ашыруунун натыйжасында, акча каражаты Октябрь айыл аймагынын бюджетинен айланып өтүп, жер тилкесин алуу үчүн шарт катары киргизилген.

» “Айыл Банк” ААКсынан “Марлен Кей Джи” ККФнын финансылык эсептериндеги документтерди алуунун жыйынтыгында мыйзамсыз жыйымдардын жалпы суммасы 6 млн 767 миң сомду түзгөндүгү, ал акчалар мезгил-мезгили менен М.Ж. тарабынан накталай алынып тургандыгы аныкталды. Ошол эле учурда “Марлен Кей Джи” ККФнын эсебине аталган төлөмдөрдү төлөгөн жарандардын саны 240тан ашат. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында аталган айыл аймагынын жашоочуларынын жер тилкелерин алуудагы кезектүүлүк тартиби одоно бузулган. Муну менен катар Т.у.К.га карата Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусундагы жерлерди туугандарына жана өзүнүн жакындарына тиешелүү процедураларды жүргүзбөстөн мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө»- деп берилет билдирүүдө.

Аталган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709