Бүгүн Кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө салым кошкон Жалал-Абад облусундагы маркум журналисттерди калемдештери эскерип, спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, жергиликтүү бийлик, ардагерлер жана жаш журналисттер катышты.
Мында маркум журналисттердин эмгек жолу, коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы, адамдык бийик сапаттары эскерилип, куран окулду. Облус башчысынын орун басары татаал кесипти аркалап, тагдырдын жазмышы менен көзү өтүп кеткен маркум журналисттерди эскерүү, аймактагы калемдештеринин ынтымагын билдирээрин айтты.
Спорттук оюндар кичи футбол, волейбол жана стол теннис түрлөрү боюнча өтүп, жеңүүчү командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Эскерүү иш-чарасы Кыргызстан Журналисттер Союзунун Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн уюштуруусу, «Интерньюс» уюмунун аймактагы журналисттерди активдештирүү боюнча жүрүп жаткан долбоору аркылуу жүзөгө ашты.