7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жайында салкын, кышында жылуу аялдама болот

774

Борбор калаада Ю.Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоорго ылайык аялдама жабык болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык орнотулат. Ошондой эле аялдамада коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак тактасы, маалыматтык LED экраны болот.

Белгилей кетсек, долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Ошондой эле Биринчи май районунун администрациясы аялдамага «Коопсуз шаар» системасын орнотуп, бир нече метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюуну пландаштырууда. Мындан сырткары аялдамада Wi-Fi, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус, карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор жайгаштырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775