7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда контрабандага колдоо көрсөткөн чек арачылар кармалды

443

Аксы РИИБнин жана Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери контрабандага колдоо көрсөткөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Чек ара заставаларынын жайгашкан жерлеринде, Аксы районунун милиция кызматкерлеринин жана айрым жарандардын даректеринде ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ири суммадагы акча каражаты, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалып турган эл керектөөчү товарлар жана бодо малдар табылды.

Текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 коробка тамеки буюмдарын ташып бара жаткан унаа кармалды. Иликтөөнүн жыйынтыгында Аксы РИИБнин үч кызматкерине, анын ичинде башчысынын орун басарына, ошондой эле чек ара кызматынын заставаларынын 3 командирине аткезчиликти уюштуруу жана колдоо кылгандыгы үчүн айып тагылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

444