7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ачкачылык жарыялайбыз!» Студенттер окуу акысына жеңилдик кылууну талап кылышууда

345

Жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер министрликке кайрылышты. Алардын талабы, пандемия башталгандан тартып министрлик эч кандай жеңилдетүү кылган эмес.


«Чындыгында, пандемия учурунда бир топ студенттер жакындарынан айрылып, жумушсуз калышты. Билим берүү министри, ректорлор, окутуучулар кыйынчылыктарга карабастан биз менен иш алгылары келбейт, биздин абалыбызды түшүнгүлөрү келбейт», — дешет алар.


Мындан тышкары, бизди окуу жайдан чыгарабыз деп коркутушат.


Студенттердин айтымында, нааразычылк акциясына чыга тургандардын катарына өлкөнүн 30 жогорку окуу жайынын студенттери кирет.

«Контракттын минималдуу суммасы 25 миң сомду түзөт. Эң жогорку чеги 3 миң 500 долларды түзөт. 2020-2021-окуу жылына ЖОЖдордун студенттери жана колледж студенттери менен биргеликте 50% арзандатууну сурап жатабыз. Алар бизге көңүл бурбаса, биз тынчтык митингине чыгып ачкачылык жарыялайбыз», — деп билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

346