7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анжелика: Курал менен Кайратка кошуп көмүп салабыз деген билдирүүлөр келип жатат

231

Ырчы Анжелика Кайратовна «Төш белгимди тапшырып берүүгө даярмын» деген сөзү үчүн коркутуулар келип жаткандыгын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Анын айтымында, ага Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиевге кошуп сени көмүп салабыз деген коркутуулар болгон.

“Ким үн катса ошого асылмай экен да. Эгерде сураса мен наамды берем дедим. Себеби 20 жылдап чогулткан эмгекке алар чекит коюп жатышат. Наамдарга асылбай, башка жол менен чечсе туура болмок. Менден кетсе кечириңиздер.

Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз деген билдирүүлөр келип жатат. Эми, эмне дейм. Кандай нотада мен бул жашоо менен коштошом, аны Аллах гана билет. Менин бир сөзүм – чоң талкууга дароо түшөт экен да …
Ар ким өзү-өзү менен, сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деп жашаш керек экен. Адамдык сапаттар көптөрдө жоюлуп бара жатат. Мага эч качан , эч ким болушуп, жаңылсам, же сөзгө калсам колдогон эмес. Балким, ырчылар ынтымака , биримдике келип, наамдарын бердиртпей алып калабыз дегем. Кесиптештерим- ватсап группаларда гана талкууга кошулушуп, элге келгенде кээ бирлери гана үн катат тура”, – дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

232