7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абактагы бизнес. Элсом аркылуу которулган «Общактагы» миллиондор ачыкка чыкты

219

Ички иштер министрлиги кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары аныкталгандыгы жөнүндө билдирет. “Общактан” жүз миң сомдон ашык жана бир нече миң доллар акча каражаты табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эркиндигинен ажыратылган «Положенец» жана «смотрящий» каймана аты менен белгилүү К.Э. (1992-жылы туулган), Т.Р. (1987-жылы туулган) ЖАМКтын мекемесинде жаза өтөп жатышкан. Алар көп убакыттан бери соттолгон адамдардан опуза талап кылып, алдамчылык, баңгизаттарды сатуу, андан сырткары жазаларды өтөө мекеменин ичинде, анын сыртында азарттык оюндарды өткөрүү менен алектенип жүрүшкөн.

Топтолгон каражаттар “общактардык эсебине” жөнөтүлүп турган.
Кылмыштуу жол менен түшкөн акча каражаттары “Элсом” мобилдик тиркемеси менен келип түшүп турган. Андан соң бул акча каражаттар кылмыштуу зарылчылыктарга бөлүнүп коротулуп турган. Кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү аныкталып, алардан “общакка” деген акча каражаты табылып алынды. Алар мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу жолдору менен алектенип жүрүшкөн. Кармалгандардын ичинде аял кишилер дагы бар.


Фигуранттардын жашаган жери боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 297 000 сом жана 8200 АКШ доллары табылды. Болжолдуу маалымат боюнча бул эсепте миллион сомдон ашык акча каражаты болгон.
Кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

220