Пандемия учурунда келген гумжардамдардын бөлүштүрүү боюнча Аида Исмаилова суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты Финполдон тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал вице-премьерликке 2020-жылдын апрель айында дайындалып, пандемиянын күч алып турган учурунда иштеген.
Буга чейин коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан бөлүнгөн донор 774 миллион 432 миң 795 миң сом деп көрсөтүлгөн, ал эми акчаны бөлүштүрүү схемасы алда канча айырма берип жаткандыгын финпол аныктап, ошол учурдагы саламаттыкты көзөмөлдөп турган кызматкерлерди суракка чакырган.
Ал эми учурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өкмөттүн пандемия учурундагы ишмердигин иликтеген комиссияны жетектеп жатат. Ал өткөн аптада «Фейсбуктагы» баракчасына «коронавирус менен ооруган адамдардын жана андан көз жумгандардын саны тууралуу комиссиянын корутундусундагы маалыматтар менен штаб берген маалыматтын айырмасы бир нече миң», — деп жазган.
Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынып, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 12-январда бул иштин алкагында экс-премьер-министр Кубатбек Боронов да сурак берип чыккан.