15-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын Кожо-Келен айылында эски жер көчкүсү активдешип, натыйжада көчкү жылып турак үйлөргө коркунуч жаралган.
ӨКМден билдиришкендей, жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 000м³ (жүз миң куб). Учурда аймактагы 5 турак үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү.
Белгилей кетсек Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутунду 9-июнь күнү чыгарып, жергиликтүү тургундарды көчүү сунушталган.