Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет.
Бишкек ШИИБден билдиришкендей, оюн учурунда Бишкек гарнизонунун 2 миңге жакын кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт.
Милиция жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө чакырат.