Учурда Бишкектиктердин тынчын алган жол кире акысы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, эки ача пикир жаратып жаткан кези. Бири, «Бензин кымбаттаса суу майда кымбаттап жатат, азык-түлүк кымбат, балдарыбызды мектепке жөнөтөбүз, тапкан акчабыздын анык суммасы 300-400 сом. Ижарага батир алып жашайбыз, баарын эсептегенде бирине жеткирсең бирине эптей албайсың», — десе, экинчи тарап «Айдоочулардын да жашоо турмушу бар. Алар дагы бала багышат, үй-бүлө камсыздашат, балдарын мектепке жөнөтүшөт. Эртеден-кечке маршрут айдашат», — деген пикриде.
Ал эми, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул тууралуу оюн билдирип, жол кире акысын 15 сомго көтөрүүгө даяр экендигин, бирок бул бара-бара акырындан кымбаттатыларын билдирди.

“Алар дароо бааны көтөргүлө деп жатат. Андай болбойт. Ал үчүн мыйзамдар бар. Жол кирени 2-3 сомго көтөрүш үчүн Экономика министрлигине кат жазышыбыз керек. Алар баанын жогорулашы шаардыктардын жашоо-турмушуна кандай таасиретээрин айтышат. Андан соң биз маселени шаардык кеңешке чыгарабыз. Эгер үлгүрсөк апрель айына чейин. Болбосо шайлоодон кийин. Биз эл кыйналбаш үчүн акырындык менен бааны көтөрөбүз. Биринчи 2-3 сомго, анан 5 сомго. Ошентип отуруп жылдын аягына чейин 15 сом болушу мүмкүн. Айдоочулар да бизди түшүнсүн. Биз аларды тушүнүп жатабыз”, — деди Балбак Түлөбаев.

Бишкектеги май куюуучу жайларда ДТ (солярка) майдын наркы — 35,90 сом, ал эми АИ-92 — 35.50 сом, АИ-95 — 37.30 сом, bp 92 — 36.50 сом, 100 — 49.90 сомду түзөт.
Эки күндөн бери айрым маршрутниктер ишин таштап, «жол кире акысы 15 сомго көтөрүлмөйүн жумушка чыкпайбыз», — деп талап коюшууда. Ал эми кызматын кылып жаткан маршрутниктерге тоскоолдук жаратып, линияга чыкпоого үндөп жаткан компаниялардын кадамдары да күбүр-шыбыр угулуп жатканы баарыбызга маалым.
Алардын максаты жол кире акысын 15 сомго көтөрүү, бирок бир жагынан эл мүдөөсүн ойлобогону өкүндүрөт.
Жеке унаасы бар айрым айдоочулар жеке баракчаларына чакырык таштап, жүргүнчүлөрдү акысыз жеткирүү кызматын сунуштап жатышат. Алардын бири Facebook колдонуучу Тынчтык Алтымышев, «Эртең менен 8де Жал, Ахунбаев/Садырбаевден Чоң Арыкка ала кетем. Жазгыла!», — деген билдирүүсүн калтырган. Дагы бир Жакшылык Матанов аттуу жаран, «Эртең менен машинам менен чыгып, окуучуларды мектепке жана мугалимдерди жумуштарына жеткирүүгө жардам кылам! Балбак байке волонтёрлорду чакырсаңыздар, көпчүлүк бололу», — деп жазган.
Маршрутниктердин жол акыны көтөрүү талаптарынын бирден-бир себеби, кытай чек арасынын жабыктыгы, тетиктердин жана күйүүчү майдын кымбатташы болууда.
Буга карай суроо жаралат, Кытай чек арасы ачык, күйүүчү майдын баасы төмөн кезде жол кире акысы кошо төмөндөдү беле? Балбак Түлөбаевдин акырындык менен жол кире наркын 15 сомго көтөрөбүз деген ниети абалга жараша болобу же май арзандаган күндө деле 15 сомго жогорулай береби? Же, кандай болгон күндө да элди кекетүү менен 15 сомго көтөрүп, ошол бааны бекитүү максатпы?