7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев: «Менин атымды жамынып алдамчылык кылгандар көбөйдү»

861

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соц.тармактагы баракчасы аркылуу алдамчылык жолу менен акча тапкан шылуундардардан сак болууга чакырды.

«Акыркы убакта, белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адамдарбыз, анын ичинде менин атымды айтып, өздөрүн президенттин басма сөз катчысы деп тааныштырган телефондук алдамчылык фактылары кайрадан көбөйдү. Алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып, же аларга кызматтан көтөрүүнү сунушташат. Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык жолу менен өздөрүнүн “курмандыктарынан” акча алышат. Буга байланыштуу биз дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге мындай шылуундардын жетегинде жүрбөөнү, мындай көрүнүштөр орун алган учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз. Учурда компетенттүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилди»- деди ал.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

862