Оштон Ысык-Көлгө каттамдарды ачуу пландалып жатканын “Манас” аэропортунан билдиришти.
30-июнда ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча каттамын ачууну максат кылууда.
«Каттамдар жумасына 6 жолу аткарылып, 31-августка чейин каттайт. Аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайбыз»- деп берилет билдирүүдө.