7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды

938

Бишкекте Экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган ЭТУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар издөөдө жүргөн жарандар жана анын ичинде коңшу мамлекеттердин жарандары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде, ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү жана алардын жашаган жерлери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Чет мамлекеттердин айрым жарандарынын Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүрүшү боюнча материалдар алынып, мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар диний билимге тартылып, мыйзамсыз иштеп жаткан хужранын ишмердүүлүгү аныкталды.

Учурда алардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калган адамдарга карата тергөө иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

939