Африка өлкөлөрү өздөрүнүн ырым-жырымдары жана үрп-адаттары менен таң калтырып келет. «Жакшы аял канча турат?» бул суроо Африкадагы айымдар үчүн таң кала турган деле нерсе эмес. Салт боюнча ата-энеси кандай чечишсе кыз ага макул болот. Алсак, эркек башка аял алууну чечкенде, жубайлары бул демилгени сөзсүз колдойт. Анткени, кийинки аялдары үй жумуштарын көөбүрөөк кылат. Чындыгында бул өлкөнүн кээ бир аймактарында аялдардын укуктарына караганда милдеттери көп. Таң калаарлык салттар тууралуу карап чыктык.
Эрин табактары салты бул сулуулуктун символу.
Түштүк Африкадагы эң белгилүү уруулардын бири –Мурси уруусу. Ал эрин табактарын тагынган аялдардын адаттан тыш көрүнүшү менен белгилүү. 15-16 жашында кыздын эринин кесип, алдыңкы эки тишин жулуп салышат дагы диск же табак жармаштырып коюшат. Кээ бирлери кулагына кошуп тагып алышат. Табактын саны жаш өткөн сайын көбөйөт. Учурда эрин табак жасалгасы декоративдик максаттарда колдонулат жана сулуулуктун белгиси деп эсептелет.
Моюн шакектери — аялдардын арасында статусун аныктайт.
Африкада узун моюндуу болуу аялдарга жагымдуу көрүнүш. Бул сулуулукту жана байлыкты билдирет. Кыз бала 2 жашынан тарта моюн шакегин тагына баштайт. Биринчи моюн шакеги адатта атасынан белек катары салынат. Убакыттын өтүшү менен кыздар алардын санын көбөйтүп турат. Кээде 6-8 кг мойнунда спираль бар аялдарды кездештирүүгө болот. Аялдын моюну канчалык узун болсо, күйөөсү ошончолук аны жакшы көрөт жана сыйлайт деген түшүнүк бар. Алар бул шакектерди чече алышпайт дагы дайыма тагынып жүрүшөт. Мындай шакекчелерди узак убакыт бою тагынуу муунтууга, шишикке, рак оорусуна ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Африкалык келин үчүн катуу күрөш
Африканын кээ бир аймактарында абдан кызыктуу, бирок бир аз катаал салт бар. Эгер эки эркек бир аялга көз салып калса, алар мушташа баштайт. Анда аялдын каалоолору четке кагылып, көбүнчө мындай айыгышкан салгылашуулар мырзалардын биринин өлүмү менен аяктайт.
Аялдарды сүннөткө отургузуу
Африка өлкөлөрүндөгү дагы бир коркунучтуу ырым – бул аялдарды сүннөткө отургузуу. Бул үрөй учурган процедура аталган өлкөдө кеңири тараган жана 10 жаштагы кыздар бул нерсеге дуушар болушат. Мисалы, Мисирде тыюу салынганына карабастан аялдарды сүннөткө отургузуу антисанитардык шарттарда мыйзамсыз ишке ашырылат. Бул көп учурда ооруга, ал тургай өлүмгө да алып келет. Мындай көрүнүштөрдү алар жөн гана салт деп айтышат. Ал эми кыздын денеси кесилбесе, ага эч ким үйлөнгүсү келбейт. Ошондуктан, бул үй-бүлөлүк бакыт үчүн төлөй турган кичинекей баа экенин айтышат.