Казакстандын Түркстан облусундагы Кентау шаарында 93 киши тамакка ууланып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышууда.
Маалыматка ылайык, уулануу белгилери менен шаардык ооруканада жаткандардын 41и балдар, үчөө кош бойлуу келин.
Казакстандын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова кафенин ишмердүүлүгү токтотулуп, текшерүү иштери башталганын айткан.
«Бейтаптар шаардагы «Ризык Рауаны» тез татым кафесинде тамактанганы айтылууда. Кафенин ишмердүүлүгү токтотулуп, текшерүү иштери башталды. Буга Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын облустук департаментинин адистери да тартылды», – дейт Есмагамбетова.
Полиция адамдардын тамакка уулануусу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.