Москвада “Легендарлуу квартал” турак-жай комплексинин курулушунда жумушчулардын ортосунда массалык мушташ чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги төмөндөгүлөрдү билдирет.
Маалыматка ылайык, 26-июнда өндүрүштүк иштерди аткаруу менен байланышкан жумуштарды ишке ашыруу учурунда подрядчы уюмдардын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Бул мушташка 10 адам катышкан.
«Жыйынтыгында соттун чечими менен чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден 5,5 миң рублга чейин айып пул салынып, Тажикстандын 5 жаранына карата 7 суткага административдик камакка алуу, ошондой эле 7 чет өлкөлүк жаранга карата өлкөнүн чегинен административдик чыгаруу чечими чыгарылды: Өзбекстандын 1 жараны, Тажикстандын 3 жараны жана Кыргызстандын 3 жараны. Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголууда»- деп берилет билдирүүдө.
Элчилик КРнын жарандарына зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуянын жагдайларын аныктап жатат.