7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жол менен Өзбекстанга тамеки алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

662

Өзбекстанга аткезчилик жол менен тамеки алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«4-6-июлда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мамай» тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товарды Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 1981-1987-жылы туулган эки жараны кармалды»,- деп берилет маалыматта.

Аталган фактылар боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

663