Өзбекстанга аткезчилик жол менен тамеки алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«4-6-июлда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мамай» тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товарды Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 1981-1987-жылы туулган эки жараны кармалды»,- деп берилет маалыматта.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.