7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектин четиндеги Манас айылына жетекчи болот

244

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектин четиндеги Манас айылына жетекчи болот. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жеке баракчасына жазды.

«Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» деген макал аябай жагат. Ошону эске алып «Манас» дегенде 3 күн, 3 түн уктабай койчу мекенчил агабыз Дөөлөт Сыдыковду кабинетке чакырып, «Манас» айылына жетекчи болбойсузбу деген сунуш менен кайрылсам, агабыз бул сунуш күтүлбөгөн өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган жаңылык экенин айтып, көпкө ойлонуп макулдугун берди. Өзү үчүн да өлкө үчүн да тарыхий окуя экенин жашырбады.
«Манас» айылына директор болсо чын дили менен кызмат кылып, кайсы эшик болбосун кагуусуз кирип, демөөрчүлөрдү тартып, тарыхий, маданий баалуулугубузду сактап гана калбай, өнүктүрө алат деген ойдо бул чечимди кабыл алдым»
-дейт Тайчабаров.

Маалыматка ылайык, Манас айылы президенттин иш башкармалыгынын балансында турат. Бирок «Бишкек» эркин экономикалык аймагына ыкчам башкаруу үчүн берилген. Тайчабаровдун айтымында, жакын арада Манас айылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өтүшү мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

245