
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектин четиндеги Манас айылына жетекчи болот. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жеке баракчасына жазды.
«Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» деген макал аябай жагат. Ошону эске алып «Манас» дегенде 3 күн, 3 түн уктабай койчу мекенчил агабыз Дөөлөт Сыдыковду кабинетке чакырып, «Манас» айылына жетекчи болбойсузбу деген сунуш менен кайрылсам, агабыз бул сунуш күтүлбөгөн өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган жаңылык экенин айтып, көпкө ойлонуп макулдугун берди. Өзү үчүн да өлкө үчүн да тарыхий окуя экенин жашырбады.
«Манас» айылына директор болсо чын дили менен кызмат кылып, кайсы эшик болбосун кагуусуз кирип, демөөрчүлөрдү тартып, тарыхий, маданий баалуулугубузду сактап гана калбай, өнүктүрө алат деген ойдо бул чечимди кабыл алдым»-дейт Тайчабаров.
Маалыматка ылайык, Манас айылы президенттин иш башкармалыгынын балансында турат. Бирок «Бишкек» эркин экономикалык аймагына ыкчам башкаруу үчүн берилген. Тайчабаровдун айтымында, жакын арада Манас айылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өтүшү мүмкүн.