Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, У. Салиева көчөсүндөгү №51 көп кабаттуу үйдүн алды-артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда.
Ушундай эле иштер №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн аймагында да жүрүп жатканы айтылды.



