7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты

9

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун фондунан билдиришти.

«Терең кайгыруу менен 89 жаш курагында Роза Айтматованын дүйнөдөн кайтканын кабарлайбыз. Роза апабыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп жазылган анда.

Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москвада төрөлгөн. Ал Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор болгон.

Эмгек жолун Илимдер академиясында баштап, кийин жогорку окуу жайда окутуучу, доцент, кафедра башчысы жана проректор болуп иштеген.

Роза Айтматова Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө да салым кошкон. 1996-жылы «Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору» аттуу бейөкмөт уюмду түзүп, аялдардын укуктарын коргоо багытында иш алып барган.

10