Бүгүн Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоо боюнча иштин абалы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев белгилегендей, жалпысынан өлкөдө органдарды трансплантациялоо боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 89, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 19, ал эми Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 8 операция жасалган.
Жыйынга органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды башынан өткөргөн бейтаптардын бирикмелеринин өкүлдөрү да катышып, талкууланып жаткан маселе боюнча өз сунуштарын билдиришти.



