7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдар баласын карап отурган учурду эмгек стажы катары эсептөө сунушталды

933

Аялдар балдарын тарбиялап үйдө отурган мөөнөттү эмгек тажрыйбасы катары эсептөөнү акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкектеги аял-лидерлердин курултайында айтканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Акыйкатчы аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктардын деңгээли жогору бойдон калып жатканын белгилеп, ага каршы күрөшүү жана стереотиптерди жоюу үчүн алгылыктуу күч-аракеттерди жумшоо керектигин айткан.

«Эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгыш керек. Жумушун таштоого аргасыз болуп, үйүндө балдарын тарбиялап отурган аялдардын укугун коргоого мүмкүнчүлүк берилиши керек. Андыктан ошол мөөнөттү эмгек тажрыйбасы катары эсептөө зарыл», — деди Жаманбаева.

Мындан сырткары, акыйкатчы тез арада төмөнкүдөй иштерди аткарууну сунуштады:

-Жумуштан кетүүгө аргасыз болгон же балдарды тарбиялоо менен алектенген аялдардын эмгек стажына кошуп эсептөө.
-Экономикалык иштин бардык түрлөрүнө аялдар менен эркектердин бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
-Чакан жана орто бизнесте аялдардын иш менен камсыз болушун илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү.
-Чакан жана орто бизнести ачуу үчүн пайызсыз насыя берүү.
-Айыл жана шаар жерлеринде иштеген аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө стратегиясын иштеп чыгуу.

Ошондой эле, “Мамлекеттик кризистик борборлор жана аялдарга жана балдарга карата ар кандай түрдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтар жетишсиз. Укук коргоо органдары бардык жерде калкты, өзгөчө аялдарга мамлекеттик органдар тарабынан коргоонун ыкмалары жана түрлөрү жөнүндө маалыматты кеңири таратууга тийиш”,- деп эсептейт акыйкатчы.

Мындай чаралар аялдарга жана балдарга жасалган зомбулукту токтотуу үчүн керектигин кошумчалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

934