Тибет Кытай өлкөсүндө жайгашкан автономиялуу район. Аянты 1,2 миллион чарчы метрден ашык. Аянты чоң болгону менен 5 миллион гана эл жашайт. Бул район анча өнүккөн эмес, элдери ар кандай ырым-жырымдарга ишенип жасап келишет. Тибетте таң калычтуу салттар кездешет, алардын бири каза болгон адамдарды куштарга жем катары колдонушат. Ошондой эле, аларда өмүр бою үйлөнбөгөн адамдар да көп кездешет.
Тибеттик монархтар өз кудайына «өмүр боюу бойдок өтөм”- деп сөз беришет. Алар бийик тоолуу аймактарга көчүп кетип, үйлөнмөк түгүл кыздар менен да мамиле кылышпайт. Өзүнө ишенген монарх өмүр бою бойдок өтүүсү керек. Анын таасиринен улам күйөөсү жок аялдар көбөйөт да, алар никесиз бала төрөлсө да сүйүнүшүп, баланын атасын 2 жума үйүндө коноктоп ыраазычылыгын билдиришет. Мындай көрүнүштөн соң, көпчүлүк учурда кыздар бир туугандарына турмушка чыгышат.
Дагы бир таң калаарлык нерсе Тибеттиктерде каза болгон адамды бийик тоого алып барып, куштарга салып беришет. Себеби, ал жак тоолуу болгондуктан жарандарга жер казуу кыйын. Жансыз денени куштарга салып берүүнүн дагы бир жолу, алар “адамдар дайыма жаратылышка таасирин тийгизиш керек”- деп ойлошот. Ошол себептүү каза болгон адамдарды куштарга тамак катары беришет.
Алар каза болгон адамдын сөөгүнөн чоор дагы жазашат. Бирок, баардык эле адамдардын сөөгү жарай бербейт. Алсак, ооруп же кырсыкка учурап курман болгон адамдын сөөгүнөн жасоого болбойт. Көп учурда бул аспап дени сак жаш баланын сөөгүнөн жасалат.
Ал эми, Тибет эли бир күндө эки жолу гана тамактанат. Аларга жаныбарлардын этин жегенге тыюу салынган.