
Бишкек шаарында интимдик сүрөттөрдү жарыялайм деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Ленин районунун Ички иштер башкармалыгына жабырлануучу жаран кайрылган. Ал шантаж жолу менен андан 30 миң сом талап кылып жаткан адам тууралуу айткан. Эгерде ал каражатты бербесе, интимдик сүрөттөрү жарыялана тургандыгын билдирген»,-деп жазылат маалыматта.
Кылмышка шектүү 35 жаштагы жаран ага 15 миң сом акча өткөрүп берүү учурунда кармалган. Азыр акча талап кылуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.