Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземине экс президент Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева чакырылды.
Бул тууралуу президенттин басма соз катчысы Галина Байтерек тастыктады.
Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында Жапаровдун инаугурациясына экс-президенттер, парламенттин экс-төрагалары жана мурдагы премьер-министрлер чакырылганын айткан.
Ошондой эле ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрү жана президенттикке ат салышкан талапкерлер да чакырылган.
Инаугурация 28-январда саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.