Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жол куруу жана оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука – Караван автожолунун 14 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери толук аяктады. Учурда жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулуп жатат.
Ошондой эле Ала-Бука – Касансай автожолунун 12 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул жолдо да курулушту толук аяктоо иштери жүрүүдө.
Министрлик жүргүзүлүп жаткан иштер аймактар аралык байланышты жакшыртууга багытталганын белгиледи.



