«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү, аймагын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ачык архитектуралык конкурс жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынак президенттин тапшырмасына ылайык өткөрүлөт. Анын максаты комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактоо, заманбап архитектуралык мейкиндик түзүү жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу болуп саналат.
Сынакка архитекторлор, долбоорлоо жана шаар куруу уюмдары, инженерлер, дизайнерлер жана чыгармачыл жамааттар катыша алышат. Долбоорлор 2026-жылдын 27-октябрынан 27-ноябрына чейин кабыл алынат.
Документтер Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 441 дарегинде кабыл алынат.
Электрондук почта: mincult@mail.gov.kg



