7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат жана эскертет

331
Интернетте тараган жалган маалыматтан жабыр тарткан бала

24-январда Интернет тармагында мончодо жашы жете элек баланы белгисиз жарандын зордуктагандыгы жөнүндө видео тараган. Ошол эле күнү 16-18 жаштагы жарандын сүрөтү коюлуп, “сүрөттөгү бала зордуктаган” деген маалыматты кыргызстандык “Интернет” аттуу колдонуучу (уюлдук телефон номери аркылуу) социалдык тармактарга жайылткан.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин натыйжасында таратылган сүрөттөгү жаран Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну Б.А. экендиги жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды.
Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 186-беренеси менен (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) катталган.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын Кибер коркунучтарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан белгисиз колдонуучунун өздүгүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам уюштуруучулук иш-чаралардын натыйжасында, сүрөт коюп кылмышты ушул жасаган деген жалган маалымат тараткан Чүй облусунун тургуну 16 жаштагы Т.Ж. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Учурда аталган факт боюнча тергөө иликтөө иш -чаралары жүргүзүлүүдө.
Акыркы убактарда “WhatsApp” мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.

Ички иштер министрлиги кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.


Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоону суранат, такталбаган жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңуздарды суранат.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

332