7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

151 млн сомдук зыян. Камчы Көлбаевдин дагы эки шериги колго түштү

655

Камчы Асанбектин (К.Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күн мурун, 14-июлда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.

Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы, ошондой эле уюштуруучусу кармалды. Алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 млн сом зыян келтирилген.

Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдавар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656