7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
22°C

Садыр Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

229

Президент Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды.

Эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Сауд Араб Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Президент мындан ары эки тараптуу өз ара аракеттенүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн колдо болгон чоң потенциалга өзгөчө басым жасады.

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Араб Падышалыгынын колдоосун жогору баалады.

Мамлекет башчысы туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, тактап айтканда жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Сауддун жиберген жылуу саламын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын өз ара аракеттенүүсү эки өлкөнүн лидерлеринин саясий ишениминин жана бекем саясий эркинин аркасында ишенимдүү өнөктөштүк жана достук духунда уланып жатканын белгиледи.

Элчи Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн Сауд Арабиянын Падышасынын атынан чакыруу катын тапшырды.

Жыйынтыгында тараптар көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

230