7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талан Мамытов: Ленинградды курчоодон бошотууга 4,5 миң мекендешибиз катышкан

296

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жолдоду.
Төмөндө Президенттин милдетин аткаруучунун кайрылуусу:


«Ардактуу блокадачы мекендештер!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулушунун 77 жылдыгын белгилеп жатабыз.


Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан-жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон.


Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Курчоодо калып, аны баатырдык менен жеңип чыккан Ленинграддын каарман коргоочулары көрсөткөн эрдик өлбөс-өчпөс болуп калды.


Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат.
Сиздерге терең таазим, урматтуу ардагерлер!
Курман болгон баатырлар түбөлүк эсибизде!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

297