7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде өспүрүм кыздан опузалап акча талап кылган жаран кармалды

210

Ноокенде өспүрүм кыздан опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 1978-ж.т. А.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, өз арызында 2020-жылдын декабрь айынан баштап 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну “жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберемин” деп шантаж кылып коркутуп, үйүндө турган 300 000 (үч жүз миң) сомдук алтын буюмдарын алып чыктырып саттырып, акчаларын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жибергендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.


Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 14-январында Ноокен РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Аталган фактынын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2000-ж.т. тургуну К.Б. кармалып, тергөөгө камсыз кылынып, жасаган ишин толугу менен мойнуна алган жана тергөө тарабынан Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Тергөөнүн жүрүшүндө, К.Б.нын баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалып алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

211